• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте күйөөсүнөн токмок жеген аялдын караоке кызматкерлерине арыз жазышы. Юристтин пикири

Коом 0

Бишкек, 08.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нарын шаарындагы республикалык II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун жүрүшүндө “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук” сессиясынын спикери, белгилүү юрист Нурбек Сыдыков онлайн байланышка чыгып, Бишкектеги караоке-барлардын биринде күйөөсүнөн токмок жеген аялдын арызы боюнча пикирин билдирди.

Эскерте кетсек, 30-августта Бишкектин эс алуу жайларынын биринде эркек киши аялды бир койгону тартылып калган видео соцтармакта тараган. Кийин алар жубайлар экендиги айтылган. Көп өтпөй токмок жеген аял эс алуу жайынын кызматкерлерине карата арыз жазган.

Сыдыков эс алуу жайынын кызматкеринин видео таратканын туура деп эсептейт.

“Анткени видео анын үйүндө тартылган эмес, коомдук жайда видеого түшүп калган. Эгер оор жаракат алса: көзү көрбөй калып, буту баспай калса, анда кылмыш жоопкерчилиги тосмо арыз жазылганына карабастан кыскартылбайт”, - дейт юрист.

Белгилей кетсек, форумдун алкагында төмөнкү темалар каралууда:

1. “Социалдык тармактар жана медиа”;

2. “Чакан ЖМК – аймактык медианын келечеги”;

3. “Медиадагы кастык тил маселеси, аны менен күрөшүүнүн жолдору;

4. “Гендердик маселелерди жана майыптык теманы туура чагылдыруу;

5. “ЖМК жана журналисттердин ишмердүүлүгүндөгү юридикалык коопсуздук;

6. “Медиа жана санариптик коопсуздук;

7. “COVID-19 пандемиясы учурунда медианын каражат булактары жана каржылоо моделдери;

8. “Шайлоону чагылдыруу маселелери”.

Медиафорум эртең, 9-сентябрь күнү да уланат.

Эскерте кетсек, “Ийгиликке кадам” медиафоруму – кыргыз тилдүү журналисттердин маселелерин талкуулоо жана алардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы республикалык иш-чара болуп эсептелет. Аны өткөрүү демилгеси “Журналисттер” коомдук бирикмесине таандык. Медиа форум ар эки жылда бир жолу облустардын биринде өткөрүлүп турат. I Медиафорум 2019-жылы Ош шаарында өтүп, ал өлкөбүздүн ийгиликтүү медиаларынын иш тажрыйбасы менен бөлүшүүгө арналган болчу.

Белгилей кетсек, “Кабар” улуттук маалыматтык агенттиги, “ПолитКлиника Медиа”, Prevention Media сайттары жана “Марал ФМ” радиосу Нарындагы II “Ийгиликке кадам” медиафорумунун маалыматтык өнөктөштөрү болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий