• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте көк бөрү үстөл үстүндөгү улуттук оюнунун бет ачары болду

Коом 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Үстөл үстүндөгү улуттук көк бөрү оюну өлкөдөгү дүкөндөрдүн текчелеринде пайда болот. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Авеста тренинг” евразиялык жумушчу кеңешинин өкүлү Дмитрий Лысенко билдирди.

Анын айтымында, көк бөрү үстөл үстүндөгү оюну 7 жаштан жогору балдарга арналган.

“Учурда улуттук оюндардын бүтүндөй сериясы иштелип чыгууда. Оюн балдарга өлкөбүздүн тарыхын окутуп, ата-бабаларыбыз менен руханий байланышты тарбиялайт. Бул Кыргызстанда иштелип чыккан биринчи үстөл үстүндөгү оюн болуп саналат”, - деди Лысенко.

Ал билдиргендей, оюн ушул жылдын февраль айынан тарта иштелип чыга баштаган.

“Биздин фонд балдарды тарбиялоочу улуттук оюндарды сактоону максат кылат. Биз бул оюнду психологдордун, сүрөтчүлөрдүн жана дизайнерлердин тобу менен иштеп чыктык. Көк бөрүнүн бардык эрежелерин сактадык”, - деди “Кыргыз эл оюндары” коомдук фондунун башкы директору, долбоордун автору Чынара Осмоналиева.

Авторлор белгилешкендей, оюн патенттелип, бүгүнкү күнгө карата 500 экземпляр чыгарылган. Дагы кошумча 10 миң экземпляр кыргыз, орус жана англис тилдеринде чыгарылат. Анын баасы 1 миң сом.

Пикир

Оставить комментарий