• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте Көкүм бийге арналган илимий-практикалык кереге кеңеш өттү

Коом 0

Бишкек, 16.05.18. /Кабар/. Кечээ, 15-майда, КР УИАда “XVII кылымдагы кыргыздардын этно-социалдык абалы: Евразия көчмөндөр дүйнөсүндө Көкүм бийдин саясий жана коомдук ишмердүүлүгү” деп аталган илимий-практикалык кереге кеңеш өттү. Бул тууралуу УИАнын басма сөз кызматы маалымдайт.

Кеңешке Тарых жана маданий мурас институтунун кызматкерлери, республикадагы айрым саясий-коомдук ишмерлер жана Кыргызстандын орто кылымдардагы тарыхын изилдешкен тарыхчы адистер, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун жашоочулары катышкан.

Кереге кеңеш кыргыз элинин тарыхындагы белгилүү инсан, багыш уруусунан чыккан Көкүм бийдин ишмердүүлүгүн изилдөөгө арналды.

Кереге кеңеште азыркы учурда кыргыз элинин тарыхка болгон кызыгуусунун күч алып жаткандыгы белгиленди жана бул багытта өлкөбүздүн ичинде бир катар иш-аракеттери жүргүзүлүп жаткандыгы айтылды. Ошого карабастан, кыргыз калкынын коомдук жашоосунда белгилүү ролдорду ойногон, айрым тарыхый инсандардын эмгектери эскерилбей, унутта калып жаткандыгы козголуп, алардын бирине Көкүм бий дагы кире тургандыгы эскерилди.

Көкүм бий XVI кылымдын экинчи жарымынан, XVII кылымдын биринчи чейрегинде жашап өткөн кыргыз эл башчысы болгон. Анын ишмердүүлүгү XVII кылымдагы кыргыздардын коомдук – саясий жашоосуна таасир тийгизип, кыргыз урууларынын биримдигине, ынтымагына жана мамлекеттүүлүгүнө зор салым кошкон. Ал кыргыздын багыш уруусунан чыккан жана өз мезгилинде белгилүү саясатчы катары коомдук иштерге активдүү катышкан. Көкүм бий казак Эшим хан менен бирдикте жунгар калмактарына каршы күрөштө, кыргыз аскерлерин жетектеген. Ошондой эле Ташкент шаарындагы катаган Турсун ханга каршы Эшим ханга жардам берген кыргыздар урууларынын башында Көкүм бий турган. Ташкент шаарын алгандагы эмгеги менен Көкүм бийдин Эшим ханга болгон кадыр-баркы артып, анын ишенген кишилеринин бирине айланган. Анын Эшим хан менен болгон мындай мамилесин көрө албаган казак Кара Байтик Көкүмгө уу берип өлтүргөн. Мына ошол окуядан кийин кыргыз менен казактардын мамилеси сууй баштаган. Көкүмдүн сөөгү Ташкент шаарында коюлган. Эшим хан Көкүмдүн эмгегин эске алып, ага арнап чоң күмбөз тургуздурган. Күмбөздүн куполу көк түстө болгондугу үчүн эл оозунда “Көкүмдүн көк күмбөзү” деп аталып калган.

Каралган маселе илимде толук изилденбегендиги эске алынып, Көкүм бийдин ишмердүүлүгүн терең изилдөө максатында, кереге кеңештин катышуучулары төмөнкү сунуштарды кабыл алышты. Анда Көкүм бий тууралуу маалыматтарды чогултуу, ага илимий анализ жүргүзүү, ошол учурдагы кыргыз-казак, кыргыз-өзбек мамилелерин изилдөө үчүн Казакстан, Өзбекстандын илимий мекемелери менен иш-чара өткөрүү, Жалал-Абаддагы багыш жана Казакстандын Чимкент облусундагы багыс урууларына этнографиялык экспедицияларды уюштуруу, Россия, Казакстан, Өзбекстандагы архивдик материалдарды изилдөө, алынган маалыматтарды массалык маалымат каражаттары аркылуу чагылдыруу, илимий эмгектерди жазып, жыйындарды өткөрүү сунуштары киргизилди.

Кереге кеңешти КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту жана “Ринжит” коомдук уюму биргелешип өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий