• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте көмүрдүн сапаты текшерилип, көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени аныкталды

Коом 0

Бишкек, 27.01.23. /Кабар/. Бишкекке ташылып келинген көмүрдүн радиациялык фонун өлчөө жана сапатын аныктоо боюнча рейддик иш-чара өттү. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 26-январда рейддик иш-чара шаардын Ленин жана Биринчи май райондорунда, ошондой эле Чүйдүн Аламүдүн районунда көмүр сатылуучу жайларда өткөрүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндѳ министрликтин айлана-чөйрөгө мониторинг департаментинин инспекторлору тарабынан тиешелүү изилдөөлөр үчүн көмүрдүн үлгүлөрү алынды.

“Ал эми Бишкек шаардык башкармалыгынын адиси көмүрдүн радиациялык көрсөткүчүн текшерип, тиешелүү нормадан жана белгиленген көрсөткүчтөн кыйла төмөн экени аныкталды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий