• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады — дареги

Коом 0

Бишкек, 16.11.21. /Кабар/. Бишкектеги Мурманск көчөсү, 1б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасынын басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова билдирди.

Анын айтымында, бул капмада көмүр лимит менен сатылууда: бир үй-бүлөгө 2 тонна көмүр.

“Лимит сатуучулар тарабынан алып-сатарлыктын алдын алуу максатында киргизилген. Жакынкы күндөрү лимит алынышы мүмкүн. Учурда Бишкекке 16 машина көмүр келе жатат, алардын ар биринде 25-30 тоннадан көмүр бар”, - деди ал.

Күн мурун президент Садыр Жапаров борбордо көмүрдүн баасы тоннасы 3 миң сомго чейин арзандарын убадалаган.

Пикир

Оставить комментарий