• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү — мэрия

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. Бишкекте көмүрдүн запасы жетиштүү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-октябрына карата базаларда 2 миң тоннадан ашык казак жана жергиликтүү көмүр бар. Көмүрдүн тоннасы 4500 сомду түзөт. Катуу отунду алып келүү күн сайын жүргүзүлөт.

Буга чейин бааны тоннасына 4500 сомдон ашпаган деңгээлде кармап туруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы мамлекеттик жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн Экономика жана финансы министрлигине кат жөнөткөн. Биргелешкен аракеттер аркылуу көмүрдүн бааларын жеке көмүр ташуучулар тарабынан негизсиз өсүшүн басууга мүмкүн болду. Ошондой эле, көмүрдүн баасынын негизсиз өсүшүнө жол бербөө үчүн алдын алуу чараларын көрүү үчүн укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар жөнөтүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан күн сайын көмүрдүн баасына мониторинг жана контролдоо жүргүзүлүп, оперативдүү маалымат жарыяланат.

Эскерте кетсек, Бишкек шаарынын аймагында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункттар иштейт. Жакында шаардын конуштарында 35 стационардык пункт ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

- "Ак-Жол" ЖЧК (Мурманск көч. №1а), Шабыркүл көмүрү сатылат, тоннасына 4500 сом. Көмүрдүн 8 вагон ( 540 тонна) көлөмүндөгү кезектеги партия 9-октябрда келген.;

- "Кара-Жыра "ЖЧКсы (Мурманск көч. 59а)," Кара-Жыра "көмүрү сатылат, тоннасы 4500 сом;

- "Береке" ЖЧК (Мурманск көч. №259), бул жерде "Кара – Кече" көмүрүн алууга болот, тоннасы -4500 сом.

- "Беш-Сары" ЖЧКсында (Мурманск көч. №186), шаардыктар "Кара – Кече" көмүрүн ала алышат, тоннасына 4500 сом.

Октябрь районунда:

- "Торг-Синтез" ЖЧК ("Төкөлдөш" конушу, "Аламүдүн" станциясында) "Кара-Жыра" көмүрү сатылат, 1 тонна 4500 сомго туура келет. Кезектеги партия 9-октябрда 7 вагон (480 тонна) алынып келинген.

Свердлов районунда:

- "Восход и К" ЖЧКсында (Достоевский көч. №1) "Шабыркуль" көмүрүн тоннасына 4500 алууга болот. 1 миң тоннадан ашык көмүр бар.

Көмүр сатуу боюнча стационардык жайларда катуу отун мүшөктөргө сатылат. Шаардыктар "Кара-Кече" көмүр мүшөгүн 200дөн 280 сомго чейин сатып алса болот.

Ленин району боюнча:

- Пушкин көчөсү №182;

- Гагарин көчөсү №67;

- Баррикадный кыска көчөсү № 2.

Свердлов району:

- "Учкун" конушу;

- Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

- "Келечек" конушу;

- "Ак-Бата" конушу.

Пикир

Оставить комментарий