• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте "Күндүн жети түсү" аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды

Коом 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Бишкекте Андрей Зотовдун "Күндүн жети түсү" аталышындагы сүрөт көргөзмөсү ачылды.

Андрей Зотовдун айтымында, ар бир адам туулуп-өскөн жерин кайда жүрбөсүн эстеп, сагынып жүрөт.

"Мен Орто Азиядагы 3 миң жылдык тарыхы бар Ош шаарында төрөлгөм. Мындан уламбы, мага күн, тоо, гүлдөргө оролгон талаа абдан жагат. Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдү жакшы көрөм, өзгөчө түштүк тарабын. Өлкөнүн кеч күзгө чейин ажайып, гүл чачылган жерлеринен жөн өтө албайсың. Менин сүрөттөрүм мага жакын жердин кооздугун чагылдырып турат", - дейт ал.

Каалоочулар КРнын Сүрөтчүлөр бирикмесинин көргөзмө залынан Андрей Зотовдун "Күндүн жети түсү" аталышындагы сүрөт көргөзмөсүн көрө алат.

Көргөзмө 18-мартка чейин созулат.

Пикир

Оставить комментарий