• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилди

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. 1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо Бишкек шаарында жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды. Бирок, тыюу салуу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт.

“Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жол белгилерин орнотот.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жол инфраструктурасына кам көрүүнү суранат.

Пикир

Оставить комментарий