• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады

Коом 0

Бишкек, 20.07.20. /Кабар/. Бишкекте күндүзгү жана түнкү стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

"Бактыга жараша стационарларга кайрылгандардын саны азая баштады. Маселен, бир жума мурда күндүзгү стационарларга күнүнө 5 миңге жакын киши кайрылып жаткан болсо, кечээ, 19-июль күнү тамчылатма дары жана дарыгерден кеңеш алуу үчүн 3 миң 489 киши кайрылган, 16 адам ооруканага жаткырылган", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, 19-июлга карата күндүзгү стационарларга 57 миң 725 кайрылуу болгон. Алардын ичинен 38 миң 333 киши тамчылатма дары, 14 миң 103 адам дарыгерден кеңеш алган, 279 киши ооруканага жаткырылган.

19-июлдан 20-июлга караган түнү үч түнкү стационарга 665 киши кайрылган, бир адам ооруканага алынган. Бүгүнкү күнгө карата түнкү стационарларда 3 миң 74 адамга жардам көрсөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий