• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат

Кырсык 0

Бишкек, 29.10.18. /Кабар/. Бишкектеги кичи райондордун биринде көп кабаттуу үй өрттөнүп жатат. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине күбөлөр кабарлашты.

Турак-үйдүн жашоочусунун айтымында, имарат жакында эле салынган.

Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Көк-Жар кичи районундагы Куйручук көчөсүндө жайгашкан №3 көп кабаттуу турак-үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 2 бөлүм тартылган. Абал боюнча кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий