• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Бишкекте көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-июлда Октябрь районунун Улан-1 кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу турак үйдүн батирлеринин биринде өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен эки пластик терезе жана үй тиричилик буюмдары күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 17:15те өрт чектөөгө алынып жана саат 17:25те толук өчүрүлдү.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий