• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун санитардык абалы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы көп кабаттуу үйлөрдүн короолорунун санитардык абалы текшерүүдө. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 11-августта Бишкектин Биринчи май районунун тургундары менен үй алдында тазалыкты сактоо жана тартипти бузган учурда көрүлчү чаралар жөнүндө түшүндүрүү иштери өткөрүлдү. Жакын арада калган үч аймак дагы камтылат.

Эскерте кетсек, мыйзам бузуулар аныкталса, инспекторлор КР "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 66-беренесине ылайык жеке адамдарга - 3 миң сом, юридикалык жактарга - 13 миң сом айып салынат.

Көрктөндүрүү эрежелерин бузуу фактылары боюнча төмөнкү номерлерге кайрылсаңыздар болот:
- 0551551745 – Свердлов району;
- 0505523832 – Октябрь району;
- 0555404818 – Биринчи май району;
- 0554222213 – Ленин району.

Пикир

Оставить комментарий