• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте көпүрөнүн астынан ымыркайдын жансыз денеси табылды

Кырсык 0

Бишкек, 21.06.20. /Кабар/. Бишкекте көпүрөнүн астынан ымыркайдын жансыз денеси табылганын ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-июнда болжол менен саат 16:40та "102" кызматына Жибек Жолу проспектисинин кесилишинде Ала-Арча суусундагы көпүрөнүн астында ымыркайдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.

“Окуя болгон жерге дароо борбордук милициянын ыкчам-тергөө тобу барган. Алдын ала маалыматтар боюнча, түйүлдүк болжол менен 5 айлык, мүмкүн өлүк төрөлгөн”, - деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөө аракеттери жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий