• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте көптөн күткөн “Баядерка” балетинин бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Бишкекте көптөн күткөн “Баядерка” балетинин бет ачары 7-9-декабрь күндөрү А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт.

Композитор Людвиг Минкустун “Баядерка” аттуу балети мыкты орус балетмейстери Мариус Петипа менен биргеликте орус хореографиясынын классикалык мурасын түзгөн, өткөн кылымдын эң мыкты чыгармалары аталган “Жизель”, “Лебединое озеро”, “Спящая красавица”, “Раймонда” балеттери менен катар жаралган.

Алгач “Баядерка” балети 1877-жылы Петербургда белгилүү Мариин театрынын сахнасында коюлган жана ошол күндөн тартып дүйнөнүн эң мыкты театрларында коюлуп келет. Кыргыз опера жана балет театрында бул чыгарма алгач 1973-жылы С.М.Киров атындагы Ленин мамлекеттик опера жана балет театрынын солисти Ксения Тер-Степанова тарабынан коюлган.

Бул жылы театр эл сүймөнчүлүгү болгон спектаклдин жаңы редакциясын жасап, жаңы көркөм чечимди КР эл сүрөтчүсү Буласбек Шералиев тартуулайт. Костюмдар Зарема Казыбаеванын эскиздеринин негизинде жасалган. Жарым жылдын ичинде жумушчу топ оор декорациялардын үстүндө иштеп келген. 7-9-ноябрь күндөрү “Баядерка” жаңы палитрада ойноп чыгат. Бул спектаклде жасалган өзгөрүүлөр балет маданиятынын күйөрмандарын кайдыгер калтырбайт. Балеттин сюжети жөнөкөй жана ар дайым актуалдуу.

Спектаклде 7-декабрда кыргыздын эң мыкты бийчилери: Мэгуми Мацумото (Никия), Тилек Кийизбаев (Солор), Зарема Хайруллина (Гамзатти), Валерий Разумейко (Великий Брамин) ойношот.

Ал эми 9-декабрда “Баядерка” “Кремлевский балет” театрынын жылдыздары Екатерина Первушина (Никия), Даниил Росланов (Солор), Олеся Дмитракованын (Гамзатти) катышуусунда өтөт. Спектаклдын дирижеру – КР эмгек сиңирген артисти Нурматбек Полотов болот. Балетмейстер –КР эл артисти Акан Нуртазин.

Пикир

Оставить комментарий