• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 10.12.19. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 7-8-декабрь күндөрү көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилиги болуп өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Өлкө биринчилиги мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына карата өткөрүлгөн.

"Чылымсыз спорт" урааны менен өткөн мелдештин ачылышына вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Көркөм гимнастика федерациясынын жетекчиси Чолпон Султанбекова, Турдакун Усубалиевдин небереси Эркин Усубалиев, спортчулар жана шаар тургундары катышкан.

Көркөм гимнастика боюнча өлкө биринчилигинин жеңүүчүлөрү:

10-11 жаш арасында:

1-орун – Карина Сапаева
2-орун – Самира Кулмамбетова
3-орун – Асема Бадыкеева

12-14 жаш арасында:

1-орун – Тинатин Сатыкеева
2-орун – Албина Козубаева
3-орун – Аделина Эсенбекова

15 жаштагы спортчулар:

1-орун – Айша Изабекова
2-орун – Агата Быковская
3-орун – Сабина Табылганбекова.

Пикир

Оставить комментарий