• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо иштери улантылууда

Коом 0

Бишкек, 17.01.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы көрктөндүрүү боюнча эреже бузгандарды аныктоо иштерин улантууда.

Жол курулушуна келтирилген зыян үчүн КР “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 177-беренесине ылайык, 5 миң 500 сом өлчөмүндө Жукеева-Пудовкина көчөсүнүн тургуну Д.Тукаев жооп тартат.

Айлана-тегерегинде тазалык тартибин сактабагандыгы үчүн 114-берененин негизинде П.Бурдасов (Ч.Айтматов проспектиси), Келечек конушунда жайгашкан чач тарач, Махатма Ганди көчөсүндөгү унаа жуучу жайга жана Ч.Айтматов проспектисиндеги №54 сулуулук салонуна айыппул салынды.

Сүйүмбаев №142 көчөсүнүн жолдун боюндагы топурактарды казгандыгы үчүн «Түндүк электр» ишканасы тарабынан факт катталып, 179-берененин 2-бөлүмү боюнча 17 миң сом айыппул салынды. Бирок компания күнөөсүн мойнуна алган жок. Ишти административдик комиссия карап чыгып акыркы чечим чыгарат.

Шаардын көрктөндүрүү эрежелерин бузулушуна күбө болуп калсаңыздар санитардык-экологиялык инспекциянын төмөнкү телефондоруна кайрылууга болот:

- Свердлов району боюнча: 0551551745;
- Октябрь району боюнча: 0505523832;
- Биринчи май району боюнча: 0555404818;
- Ленин району боюнча: 0554222213.

Пикир

Оставить комментарий