• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте көрктөндүрүү эрежелерин бузгандар аныкталды

Коом 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын санитардык-экологиялык инспекциясы коомдук жайларда көрктөндүрүү, тазалык жана тартипти бузгандарга каршы күрөштү улантууда.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, күн сайын санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору шаардын аймагынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүүдө.

"119-1-берененин 1-бөлүгүнө ылайык, жолдордогу жумуштарды аткарууга коюлган талаптарды бузгандыгы үчүн, "Электросила" компаниясы жана шаар тургуну К.Сасыкуловго айыппул салынды. Алар үчүн жеке адамдарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 000 сом айыппул каралган.

Жол курулушун бузгандыгы үчүн “BGB” компаниясы 119-берененин 2-бөлүгү боюнча 23 миң сом өлчөмүндө айыппул төлөйт.

Чектеш аймактагы антисанитардык шарттар үчүн төмөнкүлөргө айыппул салынды: “Партнер Кей Джи” (Фрунзе гипермаркети), Бишкек Мелкомбинаты (Акун) жана Н.Аламанова. Алардын бардыгы 70-берене боюнча 3 миңден 13 миң сомго чейин айыппул төлөшөт.

Орозбеков көчөсү №166 дарегинде жашаган шаар тургуну Дроздова Л. жалбырактарды өрттөп жиберген. Жеринде инспекторлор тарабынан 71-берененин 2-бөлүгү боюнча 7500 сом өлчөмүндөгү протокол түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий