• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте күзөтчүнүн күркөсүн сүзгөн айдоочунун кармалышынын чоо-жайы (видео)

Коом 0


Бишкек, 07.06.20. /Кабар/. Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Бишкекте Тоголок Молдо көчөсүндө (Токтогул менен Киев көчөлөрүнүн ортосунда) күзөтчүлөрдүн күркөсүн сүзгөн айдоочунун кармалышынын чоо-жайын айтып берди.

Аталган башкармалыктан билдиришкендей, кечээ, 7-июнь күнү Т.Буланов жана А.Чекаев аттуу инспекторлор “Бишкек-Торугарт” айланма жолунда, Токмок шаарына жакын жерде кызмат өтөп жатып болжол менен саат 18:30да ылдамдыкты ашырып айдаган жана мамлекеттик номери жок “Тойота Ленд Крузер 200” унаасын көрүп, токтотмокчу болгон. Бирок айдоочу алардын талаптарына баш ийбей, токтобой кеткен.

Инспекторлор айдоочунун артынан түшүп, үн чыгаруучу жабдык аркылуу бир нече ирет токтоого чакырган. Тойотанын айдоочусу авариялык кырдаалды жаратып, Кемин районунун калктуу конуштарына кирип бара жаткандыктан инспекторлор Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Кемин району боюнча бөлүмүнүн кызматкерлерин жардамга чакырган. Андан кийин М.Абдиев жана А.Абдрахманов аттуу инспекторлор кесиптештерине жардамга келген. Алар да үн чыгаруучу жабдык менен айдоочуну токтотууга аракет кылган.

“Айдоочу токтобогондуктан инспекторлор табелдик куралын колдонуп, алгач асманга, андан кийин унаанын арткы дөңгөлөктөрүнө ок аткан. Унаа Автодорожный айылынын жанында токтотулган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 30 жаштагы К.Ч. аттуу айдоочу мас болгону аныкталган. Унааны текшерүү учурунда эки патрону бар газ тапанчасы жана бычак табылган. Иштин материалдарына кошуу үчүн алар Кемин райондук милициясына өткөрүлүп берилген. Унаа айып аянтчасына коюлган”, - деп айтылат маалыматта

Учурда бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май жана Кемин райондук ички иштер бөлүмдөрүндө сотко чейинки тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Видео koroche_kg телеграм каналынан алынды

Пикир

Оставить комментарий