• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын имараты бошотулду

Коом 0

Бишкек, 12.03.23. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Жантөшев көчөсү, 117 дарегинде жайгашкан "Көздүн микрохирургиясы" ооруканасынын имараты бошотулду.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, жеринде Муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин кызматкерлери иштеп жатат.

Белгилей кетсек, бир күн мурун муниципалдык менчик боюнча комиссиянын жыйыны өтүп, анда №6 шаардык клиникалык оорукананын №2 имаратын ижарага берүү келишимин бузуу жана бошотуу чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий