• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте күзгү чуркоо жарышы өтөт

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Эртең, 21-октябрда Бишкекте Кара-Жыгач токоюнда “Жеңил атлетика – спорттун ханышасы” урааны алдында республикалык күзгү чуркоо иш-чарасы өтөт. Бул тууралуу, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Бишкек шаарындагы жана облустагы жалпы билим берүү мектептеринин окуучулары катышат.

Ошондой эле, техникумдун, лицей жана ЖОЖдун студенттери катышат.

Катышуучулар 3 категорияга бөлүнүп, 1000 метр аралык чуркашат.

Мелдештин башкы максаты – жаштарды дени сак жашоого үндөө.

Пикир

Оставить комментарий