• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте качкындардын статусун аныктоо, экстрадициялоо жана чыгаруу процедуралары талкууланууда

Коом 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда "Качкын макамын аныктоо жол-жоболорунда 1951-жылкы Конвенциянын критерийлерин колдонуу" деген темада семинар башталып, ага Жогорку соттун административдик иштер боюнча коллегасынын судьялары катышууда. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Жогорку сотунун төрагасынын орун басары Нургуль Бакирова куттуктоо сөз сүйлөп, семинардын уюштуруучулары качкындарга, башпаанек издегендерге жана жарандыгы жок адамдарга юридикалык жардамдын толук көрсөтүп жаткан Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы жалгыз уюм болгон "Адилет" укуктук клиникасы" коомдук фонду экендигин белгиледи.

Нургуль Бакирова билдиргендей, соттор бул категориядагы иштерди кароодо доогер келтирген жагдайлар БУУнун "Качкындардын статусу жөнүндө" Конвенциясында жана КРнын “Качкындар жөнүндө” мыйзамында камтылган качкын макамын аныктоо критерийлеринин бирине туура келеби же жокпу, ошого көңүл бурат.

"2021-жылы Бишкек шаарынын административдик соту тарабынан качкындардын статусу боюнча талаш-тартыштар боюнча жалпысынан 21 иш (2020-жылы – 23 иш) каралган, алар боюнча: өндүрүш токтотулган – 1, кароосуз калтырылган – 1, баш тартуу чечими менен административдик доону канааттандырууга — 19.

2021-жылга кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун административдик иштер боюнча соттук коллегиясы жалпысынан 28 иш (2020-жылы – 6 иш) карап, биринчи жана апелляциялык инстанциялардын сот актылары өзгөртүүсүз калтырылган", — дейт Бакирова .

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө "Адилет укуктук клиникасы" коомдук фондунун директору Чолпон Жакупова, БУУнун качкындар боюнча комиссарлыгынын Борбордук Азиядагы улук аймактык юридикалык кеңешчиси Даниэла Попович-Эфендич, ошондой эле Россиянын алдыңкы университеттеринен чакырылган окумуштуулар сөз сүйлөштү.

Пикир

Оставить комментарий