• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте кафеден чыккан ири өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0


Бишкек, 13.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарынын Каралаев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Galaxy кафесинен чыккан өрт саат 13:02де толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрттүн болжолдуу жалпы аянты 400 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Ири өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм, 1 суу ташуучу унаа, штаб, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун ыкчам тобу тартылган.

Мындан тышкары, ИИМден 5 экипаж жана РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматы тартылган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий