• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте кафелердин биринен өрт чыкты

Кырсык 0

Бишкек, 29.06.21. /Кабар/. Бишкектеги “Дордой-Моторс” базарынын аймагында жайгашкан кафеден өрт чыгып, натыйжада 60 чарчы метр кафенин ички жасалгасы күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 16:10до 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 17:02де толук өчүрүлдү.

Окуядан жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий