• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот? Даректери, баалары

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Бишкек мэриясы алдыдагы күз-кыш мезгилине көмүрдү өз убагында даярдоону эске салат.

Бүгүнкү күндө Биринчи май районунун аймагында Кара-Кеченин көмүрүн сатуучу үч пункт ачылды:

  • "Ак-Босого" конушунун Архитектура көчөсүндө, Чүй проспектиси 14 дарегинде 1 тоннасы 4300 сомдон сатылууда;
  • Мурас-Ордо конушунун Мурас-Ордо 13 жана 19 көчөлөрүнүн кесилишинде көмүрдүн тоннасын 4500 сомдон же бир мүшөк көмүр 170 сомдон сатылууда.
  • 1-октябрдан тарта Дэн Сяопин проспектиси 531 боюнча жаңы пункт иштей баштайт, баасы 1 кап көмүр үчүн 200 сомду түзөт.

Свердлов районунда Достоевский көчөсү, 1 дарегинде көмүр базасы жайгаштырылган, Шабыркүл көмүрү бир тоннасы 5000 сомдон сатылууда, ошондой эле Келечек конушунда айланма өтүүчү жолдун боюнда бир кап 250-300 сомдон сатылган пункттар иштеп жатат.

Ленин районунун аймагында катуу отундарды сатуунун алты пункту төмөнкү даректер боюнча жайгашкан:

  • Мурман көчөсүнүн 126 үйү, 4000 сомдон сатылууда, анын ичине жүктөө кирет, бирок жеткирүү жок;
  • "Кара-Тоо" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 45/2 үйү (мурдагы «Торг-Синтез» ЖЧКсы) 5000 сомдон сатылат;
  • "Береке" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 122, 122а үйлөрү 4000 сомдон сатылат;
  • "Беш Сары" ЖЧК Мурман көчөсүнүн 1Б үйү, 4200 сомдон сатылат;
  • Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасы Дэн Сяопин проспектиси, 306а үйү 4200 сомдон сатылууда;
  • "Болотбеков" ЖЧК Дэн Сяопин проспектиси, 308/4 үйү, 4200-5500 сомго чейин сатылууда.
  • Ошондой эле кошумча көмүр сатуучу пункттар ачылды. Алыкулов көчөсүндө 250 сомдон 350 сомго чейин, Гагарин көчөсүнүн 67 үйүндө 250 сомдон 400 сомго чейин капка салынып сатылууда.

Октябрь районунун аймагында "Кара-Кече", "Кара-Жыра", "Беш-Сары" көмүрлөрүн сатуучу үч пункт жайгаштырылган:

  • "Глобал Азия Пропертис" ЖЧК "Төкөлдөш" конушу 1 дарегинде тоннасы 5000 сомдон;
  • Достоевский көчөсү 97дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон;
  • Октябрь көчөсү (Анкара) 2/2 1 тоннасы 4000 сомдон;
  • Анкара көчөсү 1а дарегинде 1 тоннасы 4000 сомдон.

Пикир

Оставить комментарий