• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Кайгуул кызматкерлери 101 мектептин айланасындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери 101 мектептин айланасындагы коомдук коопсуздукту камсыз кылууда. Бул тууралуу аталган кызматтын кабарлашты.

Милициянын кайгуул кызматкерлери Бишкек шаарынын аймагындагы жалпы билим берүүчү орто мектептердин ар бирине бирден кызматкерлер бекитилип, мектептин айланасындагы коомдук коопсуздукка жана жол тыгындарынын алдын алуу багытында жол чырактардын, жөө өтмөктөрдүн алдында окуучулардын коопсуздугу үчүн иш алып барууда.

Ошол эле учурда президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин кызматкерлери менен биргеликте алгачкы класстардын окуучуларына жол коопсуздугун алдын алуу, жолдо коопсуз жүрүү жана жол эрежесин үйрөтүү багытында сабактарды өтүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий