• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып кеткен баланы таап, апасына жеткирип беришти

Коом 0

Бишкек, 12.05.21. /Кабар/. Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып кеткен баланы таап, апасына жеткирип беришти, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 11-майда болжол менен саат 16:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Жаш Гвардия жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен кичинекей бала жоголду деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлерине 1988-жылы туулган С.Н. аттуу айым 2016-жылы туулган Т.А. аттуу баласын жоготуп алгандыгын айткан.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып кеткен жаш баланы таап, апасына аман-эсен жеткирип беришкен.

Өз кезегинде баланын апасы кайгуул кызматкерлерине ыраазычылык билдирген.

Пикир

Оставить комментарий