• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып кеткен кичинекей баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери адашып кеткен жаш баланы таап беришти.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 2021-жылдын 7-августунда болжол менен саат 11:10дор чамасында милицияга Жаш Гвардия бульвары көчөсүнөн жаш бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген кайгуул кызматкерлери Ж.Н. аттуу айым кайрылып, анда 3 жаштагы Ж.А. аттуу баласы үйүнөн ойнойм деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин билдирген.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери издеп табуу иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде Фрунзе жана Жаш Гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Народный” соода борборунун ичинен жаш баланы таап, апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде баланын апасы кайгуул кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий