• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кайгуул кызматкерлери адашып жүргөн баланы таап, үйүнө жеткиришти

Коом 0

Бишкек, 14.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери 6 жаштагы жоголгон баланын үйүн таап, жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 12-июнунда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Аламүдүн базарында жаш бала адашып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда Н.Н. аттуу 6 жашар бала адашып, үйүн таппай жүргөндүгү, аны көчөдөгү жарандар көрүп, милиция чакыргандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери дароо чечим кабыл алып, жаш баланы кызматтык унаага отургузуп, аз убакыттын ичинде жашаган дарегин таап, 1987-жылы туулган Э.К. аттуу апасына сак-саламат жеткирип беришкен.

Баласынын табылганына сүйүнгөн апасы кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий