• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте кайгуул кызматкерлери базарда адашып кеткен баланы таап беришти

Коом 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кечээ, 6-сентябрда болжол менен саат 11:30 чамасында Бишкек шаардык милициясынын “102” кызматына Азиз базарынын ичинен бала жоголду деген маалымат келип түшкөн.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей,айтылган дарекке ошол замат аталган кызматтын кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1979-жылы туулган Ж.Г. аттуу айым Азиз базарынан 2010-жылы туулган Т.Б. аттуу баласын жоготуп издеп жаткандыгын билдирген.

Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн жаш баланы таап, ата-энесине сак-саламат жеткирип беришкен.

Өз кезегинде баланын апасы кайуул кызматкерлеринин ыкчам аракетине рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий