• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматы көчөлөрдөгү карды тазалоого көмөктөшүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.12.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери "Тазалык" ишканасы менен биргеликте көчөлөрдүгү карды тазалоо иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, кар калың жаап жол кыймылынын катышуучуларына тоскоолдук жаратып, анын кесепетинен жол тыгындары пайда болууда. Мындан улам Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Бишкек мэриясына караштуу "Тазалык" муниципалдык ишкананын кызматкерлери менен биргеликте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, айдоочулардын жолдо тоскоолдуксуз жүрүүсүнө шарт түзүү максатында Бишкек шаарынын аймагында жолдорго туз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себүү менен карларды сүрүп тазалоо иштерин алып барышууда.

Ошондой эле "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тоскоолдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да уланаарын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан авто унааларды жол жээгине токтотуп кетпөөгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий