• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте кайгуул кызматы "Тазалык" менен бирге жолдорду тазалоодо

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкекте Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмү аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам "Тазалык" муниципалдык ишканасы менен биргеликте жолдорго туз, кум жана башка инерттик каражаттарды сээп, жолдорду тазалоодо. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташыган коомдук транспорттордун айдоочуларына соңку аялдамадан жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушуу учурунда айдоочуларга жарандарды ташууда маршруттук унаа техникалык жактан оң абалда болуусун, дөңгөлөктөр, жарык берүүчү каражаттар, күйүүчү майлар, аккумулятор жана башка техникалык шаймандары оң абалда болуусун эскертишти.

Ошондой эле каттамга чыгуу учурунда психологиялык жактан даяр болуусу, тилкеден тилкеге чыгууда коопсуздук эрежелери сакталуусу, ошондой эле жолдун тайгалагынан улам алдыңкы унаа менен болгон аралыкты так сактоо керектигин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий