• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кайгуул милиция унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болуп, эки кызматкер жаракат алды

Коом 0


Бишкек, 11.08.20. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте болжол менен саат 14:50дө Матросов менен Карасаев көчөлөрүнүн кесилишинде кайгуул милиция унаасынын жана ВАЗ-21 унаасынын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул милициясы билдиргендей, жол кырсыгынын жыйынтыгында милициянын эки кызматкери тез жардам унаасы менен ооруканага жеткирилген.

Эки унаа тең айып аянтчасына коюлган. Экспертиза дайындалып, окуя териштирилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий