Бишкекте кайгуул милициясы “Коопсуз шаар" боюнча төлөнбөгөн айыптарды текшере баштайт

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Бишкекте кайгуул милициясы “Коопсуз шаар" боюнча төлөнбөгөн айыптарды текшере баштайт. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Бишкек шаары боюнча кайгуул милиция инспекторлору жолдордо коопсуздукту камсыздоо максатында жол кыймыл эрежелерин бузууну алдын-алуу жана токтотуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүшөт.

Ага ылайык, төмөнкү документтерди текшерүү жүргүзүлөт:

инсандын күбөлүгү;

иштеген, жашаган жеринен маалымкат;

маршруттук баракча; айдоочунун күбөлүгү;

унаа документтери;

адистик өткөрмө.

Текшерүүлөр “Коопсуз шаар" боюнча төлөнбөгөн айыптарга жүргүзүлөт, өчөшүп төлөбөй жүргөндөрдүн автоунаалары айып төлөнүүчү жайга токтотулат.

Белгилей кетсек, айрым айдоочулар карантиндик аймактарда кыянаттык кылышууда. Алар жарандарды ооруканага алып баруу, же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирүү шылтоосу менен өздөрүнүн жеке иштери менен жүрүшүүдө.

Пикир

Оставить комментарий