• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Бишкекте кайгуулчулар адашып жүргөн эки жаш кызды таап беришти

Коом 0

Бишкек, 30.06.22. /Кабар/. Бишкекте кайгуулчулар адашып жүргөн эки жаш кызды таап беришти, - деп кабарлайт Милициянын кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери 29-июнда болжол менен саат 18:50лөр чамасында Панфилов паркында адашып жүргөн эки жаш өспүрүм кыздарды байкашкан.

"10 жаштагы А.А., жана 7 жаштагы А.А., аттуу кыздар үйүнөн ойноо максатында чыккан боюнча адашып кетишкен. Кайгуул кызматкерлери кыздардын жашаган жерин аныктап, аларды апасына өткөрүп беришкен", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий