• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кайгуулчулар мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаганы боюнча териштирүү башталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 18.03.22. /Кабар/. Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаганы тартылган видео интернетте тараган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кайгуулчулар Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган мотоциклдин айдоочусун токтотушканда айдоочу баш ийбей качкан. Кийин ал 12-кичирайонунан кармалып, наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өткөндө мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочуга карата жол эрежелерин бузгандыгы үчүн беш протокол түзүлгөн.

Ал эми кармоо учурунда кызматкердин ок атуучу куралды алып чыккандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий