• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кайра куруу иштеринен кийин “Жаштар” сейил багы ачылды

Коом 0

Бишкек, 20.07.18. /Кабар/. Бишкекте кайра куруу иштеринен кийин “Жаштар” сейил багы ачылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын реконструкциясы шаардыктар жана шаардын меймандарынын бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө шарт түзүү максатында 2017-жылы башталган. Бүгүнкү күндө пландаштырылган иштин алкагында сейил бактын 27 гектар жалпы аянтынын 4,5 гектар аянтында реконструкция иштери аяктаган.

“Оңдоо иштеринин жүрүшүндө 67 мамы орнотулду, 4200 чарчы метр жерге декоративдүү брусчатка төшөлдү, 1680 чарчы метр жерге асфальт төшөлдү, балдар аянтчасы коюлду, 10 метр бийиктиктекги аскадром орнотулду, 44Х22 метр аянтындагы футбол талаасы уюштурулду, отургучтар жана таштанды салуучу урналар, гейзер фонтаны орнотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Сейил бактын аймагында сутка бою милиция пункту иштейт.

Ачылыш аземге Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев, депутат Бактыбек Абдиев, вице-мэр Асель Куламбаева, Биринчи май районунун башчысы Токтосун Султанов жана шаар тургундары катышышты.

“Жайлуулук жана ыңгайлуулук атмосферасын тартуулаган мындай сейил бактар шаар тургундарына бош убактысын көңүлдүү өткөрүүгө шарт түзөт”, - деди төрага Алмаз Кененбаев.

“Жаштар” сейил багы 1957-жылы уюшулган.

Пикир

Оставить комментарий