• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте кайрымдуулук жарманкеси өтөт - каражат "Тазалыктын" кызматкеринин операциясына жумшалат

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бишкекте 2-февралда кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Анын өтө турган күнү жана жери уюштуруучулар тарабынан социалдык тармактарда жакын арада кабарланат.

Иш-чарадан түшкөн каражат "Тазалык" ишканасынын кызматкери Жеңиш Касымовдун боорун алмаштыруу операциясына жумшалат.

Эскерте кетсек, өткөн жылы дарыгерлер Жеңиш Касымовго боордун альвеококкозу диагнозун коюшкан. Ага жардам берүү үчүн аталган мекеменин басма сөз катчысы Жибек Каракеева операцияга каражат чогулта баштаган.

Жеңиш Касымовдун жубайы жана үч баласы бар.

Пикир

Оставить комментарий