• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кайсы жерде коронавируска ПЧР тест тапшырууга болот? – дареги

COVID - 19 0

Бишкек, 22.04.20. /Кабар/. Коронавируска текшерилүүнү каалаган жарандар тест тапшыруу үчүн жеке жана мамлекеттик лаборатория тарабынан түзүлгөн биргелешкен лабораторияга кайрыла алышат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

"Бүгүнкү күндө жеке жана мамлекеттик лаборатория тарабынан түзүлгөн биргелешкен лаборатория ишке киришти. Анын дареги: Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 92, телефон номери 0(312) 54 45 16. Коронавируска текшерилүүнү каалаган жарандар ал жакка кайрылып, тест тапшыра алышат. Ал лабораторияны билесиздер – бул Бонецкий лабораториясы", - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Үсөнбаев ПЧР тест тапшыруунун орточо баасы 2 миң сом болорун билдирген.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 22-апрелге карата коронавирус жуктурган 22 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 612ге жетет. Алардын ичинен 254 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 7 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий