• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ышка каршы күрөш. Бишкек мэриясы калктуу конуштарды газдаштырууну тездетүүнү пландоодо

Коом 0

Бишкек, 19.01.23. /Кабар/. Бишкектеги ышты азайтуу үчүн калктуу конуштарды газдаштыруу тездетилет. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Муниципалитеттин билгилешкендей, бүгүн мэр Эмилбек Абдыкадыровдун төрагалыгы алдында илимий чөйрөлөрдүн жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуу болуп, анда калаанын абасынын сапатын жакшыртуу маселеси талкууланды.

Иш-чаранын планына отканаларды газга өткөрүү, борбор калаанын калктуу конуштарын газдаштырууну кеңейтүү, жеке транспортту көзөмөлдөө жана жакшыртуу маселеси камтылган.

Ошону менен бирге муниципалитетте транспорттун бардык түрлөрүн милдеттүү техникалык кароодон өткөрүү, унааларда катализаторлордун бар-жогун текшерүү, ошондой эле оор жүк ташуучу унаалардын шаардын борборуна кирүүсүнө чектөө киргизүү маселеси да козголду.

Белгилей кетсек, буга чейин борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров Болот Абилдаев жетектеген "Газпром Кыргызстан" ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушуп, анда борбор калаанын конуштарын газдаштыруу маселеси талкууланган.

Пикир

Оставить комментарий