• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте Калкамбай Ашымбаевдин мааракеси белгиленди

Коом 0

Бишкек, 20.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте КР эл жазуучусу Калкамбай Ашымбаевдин 85 жылдык мааракеси белгиленди.
Майрамдык иш-чара Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепкананын администрациясы тарабынан уюштурулган.
Маараке “Эмгек даңкка жеткирет” ураанынын алдында өткөрүлдү.
Журналист, публицист жана сатирикти куттуктаганы анын бирге иштешкендери, студенттер жана окуучулар келишкен. Алар өз ыраазычылыктарын билдиришип, Ашымбаевдин чыгармасынан үзүндү аткарып беришти.
“Мен өзүм кесибим боюнча математика мугалими болом. Атам манасчы болчу, менин жазуучу болуп чыгармачылыкка аралашып калышыма ошонун таасири тийгендир. 1959-жылы “Ленинчил жаш” гезитинин редакциясына келип, журналистикадагы жолум башталган”,-деди ал.
Ашымбаев өзүнүн 60 жылдык жазуучулук ишмердигинде социалдык жана маданий темаларга арналган дээрлик 20 китеп жазган.

Пикир

Оставить комментарий