• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 09.12.21. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 9-декабрда, «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» ККР мыйзамынын долбоорун талкуулоого арналган тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, бейөкмөт уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева президенттин мыйзамдарды инвентаризациялоо боюнча жарлыгын ишке ашыруу максатында социалдык чөйрөдөгү – «КРдагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» жана «Мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттар жөнүндө» мыйзамдарга талдоо жана баалоо жүргүзүлгөнүн эске салды. Баалоонун жыйынтыгы боюнча эки мыйзамдын негизги жоболорун бириктирүү жана жаңы редакциядагы «Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КРнын мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынды.

Андан соң жыйындын катышуучуларына «Кыргызстанда калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» КР мыйзамынын долбоору сунушталды. Мыйзам долбоорунда бир катар маанилүү жагдайлар, анын ичинде жер-жерлерде социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу эске алынганы белгиленет.

Жыйынга катышкан эксперттер документтин айрым пункттарына өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, бир катар сын-пикирлерди айтышты.

Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, мигранттардын балдарына жана улгайган жарандарга социалдык кызматтарды көрсөтүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарды жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча башка сунуштарды айтышты.

Ошондой эле катышуучулар бүгүнкү талкуулардын жалпы милдети иш жүзүндө натыйжалуу жана жарандардын талаптарына жооп бере турган жакшы мыйзам базасын иштеп чыгуу экенин белгилешти.

Жумушчу жолугушуунун жыйынтыгын чыгарган Жаңыл Алыбаева бардык кызыкдар жарандарга жана эксперттерге активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, алар ар дайым ачык жана кызматташууга даяр экенин кошумчалады. Бардык айтылган сунуштар «КРдагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө» мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда эске алынат.

Белгиленгендей, мыйзам долбоору бүгүн айтылган сунуштар боюнча түзөтүүлөр киргизилгенден кийин коомдук талкууга чыгарылат.

Пикир

Оставить комментарий