• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте калкты мобилдүү тейлөө борборлору иштей баштайт

Коом 0

Бишкек, 15.03.21. /Кабар/. Бишкекте 16-19-март күндөрү калкты мобилдүү тейлөө борборлору жарандардын биометрикалык маалыматтарын, жашаган жери боюнча каттоо, паспорт алмаштырууга документтерди кабыл алат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандар мобилдик борборлордон жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо тууралуу маалымат дагы ала алат.

Иштөө графиги:

16-мартта Ленин району:

Ленин райондук мамлекеттик администрациясында саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

"Ош" базарында саат 14:00дөн 18:00гө чейин.

17-мартта Биринчи май району:

Ак-Босого жаңы конушундагы МАБ-16. Саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Ак-Босого жаңы конушундагы МАБ-15. Саат 14:00дөн 18:00гө чейин.

17-мартта Октябрь району:

Рухий-Мурас жаңы конушунда саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Көк-Жар жаңы конушундагы саат 14:00дөн 18:00гө чейин.

17-мартта Свердлов району:

Ак-Жар жаңы конушунда саат 9:00дөн 13:00гө чейин;

Дордой жаңы конушунда саат 14:00дөн 18:00гө чейин.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда:

16-март, Лебединовка айылы;

17-март, Ленин айылы;

18-март, Таш-Мойнок айылы;

19-март, Аламүдүн айылы.

"Калкты тейлөө мобилдик борборлорунун кызматкерлери документтерди кичи автобустун ичинде кабыл алат. Анда керектүү техникалык жабдуулар бар", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Бишкекте биометрикалык каттоону төмөнкү даректен өтсө болот:

Калкты тейлөө борбору-1, (Нуркамал Жетикашкаева көч. 29);

Калкты тейлөө борбору-2, (Чолпон-Ата көч. 2);

Калкты тейлөө борбору-3, (Жаш Гвардия көч. 4);

Калкты тейлөө борбору-4, (Ауэзов көч. 1/5);

Калкты тейлөө борбору-3/2, (Садырбаев көч. 107);

Калкты тейлөө борбору-2/2, (Т.Молдо көч. 21).

Пикир

Оставить комментарий