• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте калктын жыштыгы боюнча 1 чарчы чакырымга 107 адам туура келет

Коом 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстан үчүн анын аймагы боюнча калктын бирдей эмес жайгашуусу мүнөздүү. Кыргызстан жалпысынан – калк аз жайгашкан өлкө болуп саналат, деп айтылат Улуттук статистика комитетинин 2022-жылкы Эл каттоонун жыйынтыгы тууралуу отчётунда.

Документке ылайык, туруктуу калктын орточо жыштыгы 1 чарчы чакырымга 35 адамды түзөт.

Чүй өрөөнүндө калк абдан жыш жайгашкан, ал аянты боюнча өлкөнүн аймагынын 10,2 пайызын ээлейт. Бул жерде өнөр жай ишканалары көп топтолгон жана айыл чарбасы өнүккөн, мында 2022-жылдагы эл каттоонун жыйынтыктары боюнча белгиленгендей, Бишкек шаарынын тургундарын кошкондо жалпы калктын 31,4 пайызы жашайт, ал эми калктын жыштыгы 1 чарчы чакырымга 107 адамды түзөт.

Кыргызстандын калкынын салыштырмалуу жыш жайгашкан аймактарына Ош облусу жана Ош шаары кирет (1 чарчы чакырымга 61 адам), анда калктын 25,8 пайызы жашайт. Башка облустарда - Баткен жана Жалал-Абад облустарында калктын жыштыгы 1 чарчы чакырымга, тиешелүүлүгүнө жараша, 33 жана 38 адамды түзөт. Талас облусу – 24 адам.

Калктын жайгашуусунун жыштыгы төмөн болуп Нарын облусу (1 чарчы чакырымга 7 адам), Ысык-Көл облусу (1 чарчы чакырымга 12 адам) саналат.

Пикир

Оставить комментарий