• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин 35 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 04.05.23. /Кабар/. 3-майда Т.Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясында "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамблинин 35 жылдык мааракесине арналган "Камбаркан кайрыктары" аталышындагы концерт өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Мааракелик концертке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, маданият министри Алтынбек Максутов, көрүнүктүү коомдук жана маданий ишмерлер жана коомчулук катышты.

Мааракелик салтанатта "Камбаркан" этнографиялык ансамблинин пайда болушу, кыргыз музыкасынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизгени, дүйнө аралап кыргыздын күүлөрү жаңырышы, кыргыз маданиятында анын өзгөчө орду баса белгиленип, залкарлар түзүп кеткен ансамблдин чыгармачылык жолу сыймык экени айтылды.

Ошондой эле аталган ансамблдин курамы мамлекеттик маанидеги иш чараларда жогорку чеберчиликте аткарган чыгармалары эл сыймыгына айланып, бүгүнкү күнгө чейин белгилүү чыгармалардан тартып, заманбап музыкаларга чейин иштеп чыгып коомчулукка тартуулап жаткандыгы баса белгиленди.

Иш-чаранын жүрүшүндө ансамблдин артисттерине Маданият министрлигинин ведомстволук сыйлыктары тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий