• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте кан тапшыруу акциясы өттү

Ден соолук 0

Бишкек, 14-июнь /Ислам Розиев - Кабар/. Бишкектеги ГУМ “Чынар” соода түйүнүндө кан тапшыруу акциясы өтүүдө.

Иш чара Бүткүл дүйнөлүк кан тапшыруу күнүнө арналып, КР Кызыл жарым ай Улуттук коому Республикалык кан борбору менен биргеликте уюштурууда. Жыл сайын 14-июнда дүйнөдө Бүткүл дүйнөлүк кан тапшыруу күнү белгиленип келет. Быйыл акция «Кан тапшыргыла. Аны азыр тапшыргыла. Ар дайым кан тапшыргыла” урааны менен өтүп жатат.

Акцияда көптөгөн ыктыярчылар чогулуп, аларга көчөдө чакан фуршет уюштурулган. Иш чара ГУМ “Чынар” соода борборунда саат 10:00-14:00 чейин уланды.

Республикалык кан борборунун маалыматына ылайык, Кыргызстанда канга муктаж миң адамга бир донор туура келет.

2016-жылы кыргызстандыктар 40 миң жолу кан берсе, алардын 21% бекер, 4%на акы төлөнгөн. Калган 76%на бейтаптардын туугандары берген. Кыргызстанда 3 миң ардактуу кан тапшыруучу бар. Алар 30 жолу кан бергендер.

Фото Даниил Хашковский

Пикир

Оставить комментарий