• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте “Кана эмесе, кыздар!” интеллектуалдык оюну өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-марта Кыргызпатенттин Инновациялык борборунда Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Кана эмесе, кыздар!” аталышында интеллектуалдык оюну өткөрүлдү. Бул тууралуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин (Кыргызпатент) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган оюнга Кыргызстандын 6 жогорку окуу жайларынын студенттери катышты.

Иш-чара “Аялдар кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан, Кыргызпатент жана Кыргызстан эл аралык университетинин көмөгү менен уюштурулду.

ЖОЖдордун студент кыздары интеллектуалдык менчик жана аялдардын укугун коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылар боюнча билимдерин сынашты.

Интеллектуалдык оюндун жыйынтыгында 1-орунду "Назик" (КР президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы) , 2-орунду "Аруузат" (Ж. Баласыгын атындагы КУУ), ал эми 3-орунду "Сымбат" (Кыргызстан эл аралык университети) командалары багындырышты. Жеңүүчүлөр дипломдор жана өнөктөштөр тарабынан баалуу белектерге ээ болушту.

Катышуучулар үчүн Инновациялык борборго экскурсия уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий