• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкектин Будённый көчөсү убактылуу жабылат

Коом 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. 27-апрелден тарта Будённый көчөсү канализациялык насостук станцияны орнотуу менен магистралдык канализация тармактарын куруу үчүн жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган көчөнүн Чоң Чүй каналынан Славянская көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

"Курулуш иштери 5 этап менен жүргүзүлөт. Биринчи этабында узундугу 310 погондук метр болгон магистралдык канализация тармактары курулат. Курулушта диаметри 300 мм болгон түтүктөр колдонулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Курулуш иштерин подряддык уюм «Арай» ЖЧКсы жүргүзүүдө. Курулушту ушул жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий