• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте кар күрөөгө 37 техника тартылып, 551 тонна туз себилди

Коом 0

Бишкек, 25.02.21. /Кабар/. Бишкекте кар күрөөгө 37 техника тартылып, 551 тонна техникалык туз себилди. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн жол тейлөө бөлүмүнүн 30 кызматкери иштөөдө. Карды күрөөгө 37 техника: 25 карды күрөө унаасы, 4 универсалдуу унаа, 4 кичи трактор, 2 жүктөгүч жана 2 жүк ташуучу унаа тартылган.

Шаардын көчөлөрүнө жалпы 551 тонна техникалык туз себилген.

Пикир

Оставить комментарий