• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте кар тазалоо иштери жүрүүдө. Кайгуул кызматы унааларды жол жээгине токтотпоого чакырат

Коом 0


Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Кар жаап, жол тыгындары пайда болуп жаткандыктан Бишкек шаардык милициясы боюнча Милициянын кайгуул кызматынын жол көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери "Тазалыктын" кызматкерлери менен биргеликте жолдорго түз, кум сыяктуу инерттик каражаттарды себип жатышат.

Милициянын кайгуул кызматы ошондой эле "Тазалык" ишканасынын кар тазалоочу техникаларынын ишин толук кандуу тосколдуксуз жана үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн аларды коштоп жүрүүдө.

Кайгуул милициясы жолдорду тазалоо иштери түнкүсүн да улантыла тургандыгын эскертип, карды сүрүп тазалоодо тоскоолдук жаралбашы үчүн айдоочулардан автоунааларды жол жээгине токтотпоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий