• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте каракчылык жана тоноо менен алектенген эки жигит кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бишкекте каракчылык жана тоноо менен алектенген эки жигит кармалганын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, марттын аягында “Асанбай” кичирайонунда бир нече белгисиз адамдар 20 жаштагы жана жашы жете элек өспүрүмдүн 25 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алышкан.

Андан сырткары, адамдар жок жерде эки жаранды кармашып, бирөөсүн 2 миң доллар карызы бар деп тил кат жазууга мажбурлаган. Ошондой эле алардын автоунаасын 2 миң долларга күрөөгө коюуга мажбур кылышкан.

“31-мартта шаардагы жаңы конуштардын биринде жашаган 25 жаштагы С.И. жана Сокулук районунда жашаган 23 жаштагы Э.Б. аттуу жарандар шектелип кармалган”, - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаарынын райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 202-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (“Каракчылык”) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши жүрүп жатат.

Учурда жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий